«Таза Шайлоо» ассоциациясынын юристи Тимур Арыков Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин сабады деген шек менен кармалган. Бирок судья Айзада Исаева аны үй камагына чыгарды.
Kaktus.media редакциясы Арыков милиция кызматкерине кол салган учурдагы видеосун жарыялады. Тасмадагы эки аялдын бири — Арыковдун аялы, экинчиси — анын энеси болгон. Алар эркек кишини токтотууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 12-майда Бишкектеги кафелердин бири милицияга телефон чалып, эсепти төлөөдөн баш тарткан белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Окуя болгон жерге патрулдук милициянын кызматкерлери келишкен, алар кардарды Свердлов РИИБине жеткиришкен. Арыковго «Бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок 14-майда тергөө судьясы Айзада Исаева аны үй камагына чыгарган. Күч кызматкерлери бул чечимге нааразы болушту.
ВИДЕО:
Предыдущая статьяКундуз Жолдубаева: «Кызыгы мени Жеңиш Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырышты»
Следующая статьяКыргыздарды туткунга алган тажиктер мыйзамдуу жоопко тартылат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here