Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Күн мурун милицияга Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөнү такталды.

«Жеринде милиция кызматкерлери тарабынан 28 жаштагы Ж.Э. аттуу келиндин сөөгү табылган. Маркум ар кандай жаракаттарды алган. Факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталган. Кылмышка шектүү делип, жабырлануучунун жолдошу 38 жаштагы О.Н. кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш кызганычтын айынан жубайлардын ортосунда чыккан чырдын негизинде жасалган. Эркек аялын сабап, натыйжада ал каза болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргищилди», – деп билдирди милиция.

Предыдущая статьяДепутат Иса Өмүркуловдун уулу кырсык учурунда мас экени аныкталды
Следующая статьяАскар Акаев: «Кумтөр боюнча эң биринчи Акылбек Жапаров жоопко тартылышы керек»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here