Нурлан Мотуев: «Атамбаев эч кандай баатыр эмес эле, аферист болчу»

Бул тууралуу  Нурлан Мотуев жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
«Атамбаев баатыр болчу, ал дале Президент болуп турганында тажиктер кол сала алмак эмес, любой башка өлкө менен теңата сүйлөшчү,, дегендер терең жаңылышышат. Атамбаев эч кандай баатыр эмей эле, биринин шапкесин экинчисине кийгизген аферист болчу. Далилдери менен жаза кетейин. Эсиңердеби, 2009-у жылы Атамбаев прессага интервью берип жатып :,, Мен эгер Президент болуп калсам, анда Назарбаевтин бут алдына чөгөлөп, Каркыра жайлоосун кайра алам,, деп айтканы бар. Баатыр эл башчы, же жөн эле баатыр киши бирөөгө тизелеп жалынабы ? Дегеле эркек адамга жарашпайт, бирөөгө чөгөлөп, жалбарып атканы. Мына ушундан эле бул адамдын духун, жүзүн, көрөңгөсүн баамдасанар болмок. Тилекке каршы, элибиз адашкан калк болгондуктан, аферист Атамбаевке алданып, аны ажо шайлап алышып, азабын болсо алты жыл жешти. Алты жыл менен бүтсө жакшы эмеспи, көрө элегинер али алдыда деп корком. Анткени, аферист Атамбаев өзүнүн ачкөздүк себебинен коңшу Кытайдан 4 млрд доллар алып, аны жеп койду. Кыргызстанды болсо дүйнөлүк гегемон Кытайга кул болуп калуу коркунучуна кептеди. Аскердик вертолёт жана башка курал-жарактарды мошенник жардамчысы Сапар Исаковдун тилине кирип, чет өлкөгө сатып жиберди. Куралдуу күчтөрүбузду алсыз кылып койгондуктан, жакындакы Тажикстан агрессиясына армиябыз татыктуу жооп бере алган жок.
Атамбаев акмактын кылык-жоруктарын жаза берсе, нормалдуу адамдын кан басымы көтөрүлүп, нерви бузулат. Просто, мен бул келесоонун эч кандай баатыр эместигин далилдеп койойун деп чечтим»-деп жазды ал.

Add your comment

Your email address will not be published.