Вт. Янв 25th, 2022

Депутат Иса Өмүркулов уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгы тууралуу үн катты. Эл өкүлү кырсык боюнча уулуна эч кимдин доосу жок экенин айтып берди. «Кудай сактасын, уулум наркоман эмес. Бул жөнөкөй эле окуя. Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул. Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок», — деди Өмүркулов. Буга чейин Иса Өмүркуловдун уулу велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кеткени белгилүү болгон. 2011-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунан ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.
Булак: super.kg

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *