5-6-октябрдагы төңкөрүштө күч органдары элге карай ок атканы, натыйжада,
жүздөгөн жарандар жарадар болушуп, Үмүтбектин өлүмү менен коштолгон. Андагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевдин жоопкерчилиги ушу күнгө дейре каралбай, сайрандап жүрүшкөнү таңгалдырууда. Бийлик кайдыгер кароодо. Атайын билими бар юристтер эмес, карапайым эл да булардын кылмыш жоопкерчилигине эчен ирет айтышты. А эмне үчүн эки эргул издөөгө алынбай, жыргап жүрүшөт? Ынанымдуу божомолго келсек, эгерде Жунушалиев менен Опумбаев камалса, Сооронбай Жээнбековго көрсөтмө беришери, андан ары бир топ лөктөрү камалып кетишери ыраспы? Дал ушундай көрүнүш иш жүзүнө ашып кетпөө үчүн сакталып калыштыбы? Кызык. Айыптуулар ачыкталса эмнеге аяш керек? Октябрь төңкөрүшүндөгү жабырланган көпчүлүктүн укугу жерге тепселген боюнча кала береби? Бийлик төбөлдөрү ойлонбосо, эртең чыканактарын тиштеп калышпайбы? Кулак кагыш!
«Азия Ньюс» гезити
Предыдущая статьяУбактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн камаганга Ташиевдин шайы жетпей калдыбы?
Следующая статьяВИДЕО-Москвада тажиктер менен жүргөн кыргыз кыздарын кармап уят кылышты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here