Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында болжол менен 1000-2000 адамдын катышуусунда стихиялуу митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучуларынын так саны азырынча белгисиз.

Маалымат булактарынын айтымында, митинг өкмөткө каршы. Митингдин катышуучулары өздөрү азырынча ким уюштуруучу жана эмнеге каршы экендигин жарыялай элек. Алардын көпчүлүгү комментарий берүүдөн баш тартууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, нааразычылык акциясына чыккандар ыктыярдуу элдик дружиналардын жилеттери менен топторго бөлүнүштү: бир тобу – кызыл жилеттерде, экинчиси – кара жилеттерде, дагы бир тобу – боз жилеттерде. Өкмөт үйүнүн жанында коопсуздук органдарынын формасын кийген бир топ эркек киши бар.

Предыдущая статьяАалы Карашев: «Өкмөттө эч кандай конкреттүү иш-чаралар көрүлгөн жок»
Следующая статьяКүйөөм “жарашалы” дейт, а менин өч алгым келет

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here