Мен чоң күнөө кылдым. Орозонун айында ичимдеги сырымды айтып, абысыныдан кечирим сурагым келди. Эгер окуп калган болсоңуз кечирип коюңуз. Сегиз жыл мурун кичүү кайним үйлөнуп биз менен чогуу жашап калды. Абысыным оокатка тың, колунан ийнелеген иш келген келин болуп чыкты. Кандай жумуш кылбасын майын чыгарып жасачу. Кайненем анын тигип берген көйнөгүн кийип, кошуналарга да аны мактай баштады. Менин балдарыма чермейден бери тигип тыпыйтып үстүн таза карады. Мен болсо эртең менен жумушка кетип кечинде келем. Балдарымдын да жеңелеп анын артынан чуркаганына ичим ачыша баштады. Акырындык менен абысыныма болгон жек көрүүм пайда болуп, аны менин жашоомдон кетирүүнүн амалы кыла баштадым.

Бир күнү  кайненем салган алтын сөйкөнү, анын чогултуп жүргөн акчанын жарымын  анын кийимдеринин арасына салып, калганын катып алдым. Кайненем эки күндөн кийин уй алабыз деп акчаны таппай калды.  Баарыбыз издеп баштадык. Ошондон пайдаланып мен алтын сөйкөм жок деп калдым. Үйдө абысыным эле калчу. Ал жаман болуп туруп калды. Бир кезде мен анын кийимдеринин арасынан акчанын калдыгын таап чыктым. Бул баарын тангалдырды. Кайниме болсо: “алганың ушулбу келе элек жатып уурдап баштады” –деп бүлөп койдум. Аран турган кайним абысынымды уруп жатып калды. Кайненем болсо кудагыйына чалып уй алам деген акчаны кызы алып алганын айтып силерге берген эмес беле деп сурап баштады. Көп өтпөй абысынымдын апасы келди. Үйдө катуу ызы-чуу чыкты. Абысынымды апасы ээрчитип алып кетти. Ошол бойдон кайрылып келген жок. Кийин башка айылга болгондо дагы мен мен деген байдын келини болуптур. Кайним болсо экинчи жолу үйлөндү. Бирок бул жолу тилдүү баарыбыз менен урушкандан кайра тарпаган абысындуу болдум. Кылган оокаты жок, кечке телефон тиктеп отурат. Эч нерсеге жетишпей калдым. Эми гана абысынымдын баркын сезип жатам.

Предыдущая статьяСооронбай Жээнбеков Мелис Аспековду сотко берет
Следующая статьяАнжелика кайра өтө турган шайлоодон баш тартты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here