Түлөбаев: Садыр Жапаровду «Центеррага» жедирбей, туруп берчү мезгил келди

«Мына эми туруп берчү мезгилдердин бири келди. ойгон кыргыз. Сак бол! «Центеррага» жедирбейли Президентибизди», — дейт Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына.

Анын айтымында, учурда Кумтөргө байланыштуу президентке элдин колдоосу керек.

«Центеррага жедирбейли Президентибизди. Ач күсөндөргө. Ушуга чейин бирөө да кылган эмес, Кумтөр жок дегенде эле 5 млрд долларга жакын акчаны бизге төлөш керек. Бутка туруп кетебиз. Эми сак болуп, ар кайсы маалыматка ишенип алдырып ийбейли, акыл менен алып алалы. Азыр булар баштайт кара пиарды. Президентибизди колдоп тигилерге жедирбей. Армияны да, экономиканы да, жашоону да оңдоп алабыз. Бекем туралы», — деп жазган ал.

Add your comment

Your email address will not be published.