Сооронкулова: «С.Жапаровду колонияга кайтарып, С.Жээнбековду ордуна койгула…»

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Жеңиш Молдокматовдун камалышы боюнча пикирин Фейсбук баракчасына жазып, туура эмес айыпталып жатканын билдирди. Төмөндө тексти өзгөртүүсүз берилди.

«Ж.Молдокматов 5-6 октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталып жатыптыр. Андай болсо, баарыбызды камагыла. Массалык баш аламандыкка катышпаган партиянын лидери калган жок. Алардын ичинде С.Жапыкеев, К.Ташиев, А.Сулайманов, Т.Асанбеков, М.Мамытканов, Э.Сурабалдиева, М.Жээнчороев, Ж.Акаев жана толгон токой башкалар. Кимиси айта алат, мен катышкан жокмун, үйдө жаттым деп. Октябрь окуялары кылмыштуу аракет болсо, анда мыйзамдуулукту кайрадан орноткула, С.Жапаровду колонияга кайтаргыла, С.Жээнбековдун президенттигин оордуна койгула, Биримдик менен Мекеним Кыргызстанга мандаттырын бергиле. Экинчи октябрь окуясын революция деп атабагыла».

Add your comment

Your email address will not be published.