Кызык. Баткен облусун өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү дирекциясына Мамыржан Рахимов дайындалды. Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, бул адам Арзыбек Буркановдун жакыны, классташы экен. Береги кызматка келгиче ал Баткен шаарынын мэри эле. Бошогон орунга Буркановдун дагы бир досу Акылбек Орозов мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындалды. Жаңы барган губернатор Абдикарим Алимбаев контрабандага, кылмыш иштерине шектелип, арты таза эмес экени ачыкталды. 1-орун басары Марип Тулаев Буркановдун мурдагы шопуру… Башта Садыр Жапаров айткан кадрдык ротацияны Улукбек Марипов уруп ойнобой, аймактарда жердештик, кландык, кол ийрисине тарткан саясатка ык коюшту. Кыскасы, чиеленген мафия генерал Суваналиевди Баткенден кетиришип, тойлошуп, эми контрабанда, баңгизат менен каалашынча жыргашабы? А эл болсо томсоруп ачка отурат…
«Азия Ньюс» гезити
Предыдущая статьяМаксат ажы Токтомушев кайрадан муфтийликке шайланат
Следующая статья“Мен аны четке какпайм” Алымкадыр Бейшеналиев Көлбаевдин эжесине операция жасаганын тастыктады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here