Дагы бир алтын иштеткен комбинат жаратылышка өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги үчүн кылмыш иши козголду. Бу тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда, тоо-кен тармагындагы «Ч.З» жабык акционердик коомуна айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын төлөнбөгөндүгүнө карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга өндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбөлүк жана 726 га жер тилкесин берип жиберген.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерин» бузуу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп эсептелинген.

Бирок, Кыргыз Республикаснын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармылыгынын билдирүүсүнө ылайык, айыл чарб жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 133 739 682 сом экендиги такталган.

Ошол себептен, облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» ЖАКна жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз жана алынбай калган пайданы өндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилди.

Предыдущая статьяСел алып сегиз жашар бала каза болду
Следующая статьяҮй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна адиштешкен 3000 дарыгер жетишпейт

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here