«Кумтөр Голд Компании ЖАКтын башкы директору качып кетти

«Кумтөр Голд Компании” ЖАКтын жетекчиси качып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, Кумтөр Голд Компании ЖАКка сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан.
«2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып, каза болгон.

2021-жылдын 15-февралында “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын кенинде 1996-жылы туулган экскаватордун айдоочусу 1996-жылы туулган И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.

Бул фактылар КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган.

2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматы 2021-жылдын 12-май күнү саат 11:00го күбө катары төмөндөгүлөрдү чакырган. Саймон Тан — “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын каржы боюнча директору, Деон Баденхорст — “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын президенти, Арипин Буман — “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директор.

Add your comment

Your email address will not be published.