Пт. Янв 21st, 2022

 

 

 

“Суперстандын” “Жүрөк сыры” бөлүмүнө “Күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып, өзүмдү кылмышкер сезип жатам” деген аталыштагы окуя жарыяланган.

 

“Күйөөм мени төрт балам менен эч нерседен кем кылбай багып келет. Чүрпөлөрүм али кичине. Мен убактылуу үй кожойкесимин. Күйөөм экөөбүз ынтымактуу жашаганыбыз менен ал бир келинди сүйүп калгандыгын жашырбай эле айтты. Эгерде мен уруксат берсем, экинчи кылып алгысы бар. Мен кайдан уруксат бермек элем? Каршы болдум. Кайненем, кайын сиңдилерим да каршы болушту. Ошентип күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыраттым. Азыр күйөөм анысы менен жолугабы, билбейм. Бирок күйөөмдүн ичинен сызып, аны эстеп, аттиң кылганын көрүп, өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Бир оюм “бекер кылдымбы жайына койбой” десе, бир оюм “балдарымдын, өзүмдүн бактым үчүн күрөштүм” дейт.

 

Достор, мен күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып туура кылдымбы? Кээде өзүмдү кылмышкердей сезип кетчү болдум”.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *