Асел Кадырбекова: «Мени шылдыңдап жүргөндөр, силерди Кудайга тапшырдым!»

Ырчы Асел Кадырбекова кырсыкка кабылганга чейинки жана кийинки сүрөттөрүн салыштырып жаткандарга кайрылуу жасады:

«Менин азыркы жана эски сүрөтүмдү лайк жана комментарий топтоо максатында шылдыңдагансып салыштырган аккаунттар, силерди Кудайга тапшырдым! Ооба, азыр менин келбетим жана абалым жакшы эмес. Ошентсе дагы кызым жана апам үчүн жашоого аракет кылып жатам. Менин дагы жашоом өз нугуна түшөт. Өткөн жашоом коркунучтуу түштөй артта калат. Ушул күндөрдү эч качан унутпай, эстеп турганга аракет кылам. Себеби дал ушул окуялардан улам чоң сабак алып, көзүмдү ачтым», — дейт ал.

 

Add your comment

Your email address will not be published.