Тажикстандын аскерлеринин тынч жаткан элге болгон агрессиясынын башаты бул Головной обьектиси болуп эсептелинип келүүдө. Канча жылдан бери талашка түшкөн бул суу обьектиси Кыргызстанга тиешелүү болуп келген. ал эми бул тууралуу тажиктердин саясий серепчиси Нематулло Мирсаидов Головной суу обьектиси Тажикстандын аймагында жайгашканкартаны тиркеп asia-times.org сайтына макала жазып чыкты. Материал узун болгондугуна байланыштуу керектү жерлерин которуп берүүну туура көрдүк.

“28-29-апрелде кыргыздар менен тажиктердин ортосунда жаңы талаштын башаты болгон Головной объектиси — Исфара дарыясындагы суу бөлүштүрүүчү пункттун милдетин аткарган дамба. Бул жылдар аралыгында суу агымы үч мамлекеттин — Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын талаптарына ылайык жөнгө салынып келген. Саясий байкоочу Нематулло Мирсаидов, ушул кезге чейин коңшу өлкөлөрдүн ортосунда суунун акыйкат бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу үчүн, объект мурдагыдай эле Тажикстандын аймагында калышы керек деп эсептейт.”

Ошондой эле “ Каналдын жана суу сактагычтын долбоору «Бүткүл союздук» долбоор болгон, ал Кыргызстандын жана Тажикстандын жаңы жерлерин сугарууга катышкан. Союздук маанидеги ири долбоорлорго каражат адатта СССРдин мамлекеттик казынасынан бөлүнчү. 1968-жылы, канал курулуп жатканда, Кыргызстан долбоорго ылайык Головная ГЭСинин дамбасын курган. Бирок, Төрткүл каналынын башталышы Тажикстандан болгондуктан, объект Тажикстанда калган”-деп жазган.

Материалды толугу менен шилтемеден окуй аласыз:

https://asia-times.org/glavnaya/11191-ekspert-golovnoy-nahoditsya-v-tadzhikistane.html

Предыдущая статьяНариман Түлеев: «Атамбаевдин командасы мен сынган жокмун»
Следующая статьяОтуздан ашык медициналык кызматкерлер бошотулду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here