Иш таап берем деп студенттерди Кореяга сатып ийген. Бул тууралуу 10 –майда болгон парламенттик жыйында депутат Шайлообек Атазов айтып маселени ТИМдин орун басарына тезинен чечишин сунуш кылды.

Маалыматта,  Кыргызстандан студент балдарды чет өлкөгө расмий турдө жумушка орноштурам деп алып барып сатып ийген. Учурда ал балдар кыргызстанга кайта албай суу кечип, оор жумуштарда иштеп жургөнун билдиришкен. Депутатын айтымында ал студенттер ТИМдин чет өлкөдөгу элчилиги иштебегенин да баса белгилешкен.

«10 студент Кореяда кулчулукка кабылып, мекенине келе албай жүрөт, бул боюнча алар мага кайрылышкан. Тышкы иштер министрлиги эмне үчүн ушундай учурларга маани бербей жатасыздар?Силердин мошеннигиңер алып барып, аларды сатып жиберип, качып келе бериптир.Фамилиясынан бери айтсам,терең кирип кетебиз, сураныч бул маселени көзөмөлгө алып,чечип берип коюңуздар”,- деди депутат Атазов.

Предыдущая статьяТарыхчы Кыяс Молдокасымов: «Жерге-Тал, Мургапты кайрып алуу мүмкүнчүлүк бар»
Следующая статьяТаласта эки өспүрүм 5-класстагы кызды бир нече ай зордуктаган

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here