Мен ичимдеги бугумду айтып жарылгым келди! Мектепти аяктагандан көп өтпөй турмушка чыгып калдым. Жолдошум кичүү бала болгонго айылда кайната-кайнене менен калдым. Он беш жыл чогуу турдук. Алар менен ак көк деп кайым айтышкан жокпуз. Кээде кайненем мага кыялын көргөзуп калчу. Унчукпай кутулум кетчүмун. Экинчи кызымдан кийин өзүмдү жакшы сезбей жүрдүм. Кээ күндөру тура албай калчумун. Бирок үй оокатым калат деп жөрмөлөсөм да баарын кылып келдим. Кыздарым бар эменспи алар бактылуу үй-булөдө жашасын дечүмүн. Үчүнчу жыл дегенде таптакыр төшөктөн тура албай калдым. Ошондо кайненемдин, күйөөмдун чыныгы жүзун көрдүм. Кайненем ооруп калганда дааратканага көтөруп барып, жуундуруп жургөнүм бир тыйынга татыган жок. Ооруп жатам десем биз деле ошентчубуз калп эле айта бербечи десе тартынып журө берип акыры аты жаман ооруга чалдыгыптырмын. Дарылоого биртоп сумма кете турганын укканда менин көзумчө эле кайненем күйөөмө: “оорулу катынды эмне кыласын биз ооруттук беле тукуму оорулу болсо керек. Андай акча жок”- деп койду. Күйөөм деле ушуну күтуп жүргөрнбу айтор мага болгон мамилеси сууп калды. Көп бир тууган болгон жакшы экен алар чогулуп мени операцияга киргизип аман калдым. Албетте балалуу болуу бактысынан ажырадым бирок кыздарымдын бактысына аман калдым. Мен ушундай оор кундөрдү өткөруп жургөндө үч жашар кызымды улуу кызымдын колуна карматып эжекемдикине жеткирип коюбптур. Өзу болсо айылда ажырашып кеткен  төрт балалуу келинге үйлөнүп алыптыр. Мына оту менен кирип күлү менен чыккан үй-бүлөгө ден соолугум болбой калганга керексиз буюмдай болуп калдым.

 

Предыдущая статьяАпаке «эшек» деп ура берип акыры эшек болдум
Следующая статьяАйка: «Жаш болуп кыйла алданган экенмин. Эми апамды кантип күнөөлөйм…»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here