Азыр апамдын мээримине зар болуп отурам. Апама жете албай эки көзүм төрт болуп турат. Кандай Кырргызстанга барам ошондой апамдан чөгөлөп кечирим сураганга даярмын. Жаш экем апамды күнөөлөп, баарын апама оодара берген экемин. Мындан он беш жыл мурун атам менен апам ажырашып кетим, апам мени ыйлаганыма карабай чон апама таштап кеткен. Апам кеткенден кийин чоң апам: «Сенин апаңа керегин жок сени таштап кетти. Ал башка күйөө таап алды. Атаң экөөңдү алдады»-деп айткан. Кийин түшүмдө апам дайыма кирип менден кечирим сурап ыйлап кучактагысы келет. Бирок мен таарынып таштап кеттиң деп мен андан кача берчүмүн. Бара-бара апама болгон кусалыгым, сагынычым таарынычка айланды. апамдын бузулуп кеткенине жек көрүү сезимим пайда болду. Атам болсо апамдан кийин төрт аял алды. Ал учурда мен алар менен бирге жашаган жокмун. Акыркы аялы менен кийин шаардан жолугуп калдым. Ошондо ал атамдын, чоң апамдын ким экенин айтып берди. Көрсө алар апамдан мени тартып алып, кетиришиптир. Кийин апам далай жолу мени издеп келип, акыркы жолкусунда атам чала жан кылып сабап кетириптир.  Ошондон кийин ден соолугу начарлап мени издөөгө алы келбей калган экен. Атамдын кызыл камчысынан улам аялдары токтогон эмес экен. Бир гана апам баарына чыдап көз жашын мага көрсөтпөй атамдын жаманын жашырып келген экен. Апам атамдын катуу токмогунан улам менден кийин балалуу болуу бактысынан ажыраптыр. Эркек уул төрөбөйт деп апамды сыртка чыгарып койгон экен. атама деле уулду же менден кийин кыздуу болуу бактысын кудай ыраа көргөн жок.

Азыр мен апамды издеп келем. апам тууралуу билген маалыматым ушул. Апа эгер окуп калсаң кечир мени мен сизди ушунчалык сагынуу менен издеп келем.

Предыдущая статьяДен соолугумдан ажыраганда бутунан бери жууп жүргөн кайненем ажыраштырып койду
Следующая статья«Ушундай аялды кантип коё берди?” дейсиңер, макоолугумдан бакыт кушун учуруп алдым

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here