«Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун абактан жазган экинчи каты фейсбук баракчасына жарыяланды. Анда: «Урматтуу мекендештер!

Колдооңуздарга терең ыраазычылык билдирем! Туулган күнүмө карата айтылган жакшы тилектериңиздер үчүн рахматымды билдирем! Деги эле элимдин уул-кыздары абакта эмес азаттыкта ата-энеси, балдары менен жакшы маанайда күн өткөргөнүн жараткандан тилейм!

Колдоп, сүрөп, жакшыны тилеп турган элиме жаратканым жакшылыгынан берсин. Өлкөбүздө тынчылык, өнүгүү болсун! Бийликке колу таза, ниети ак, чыныгы мекенчил, мамлекетчил, билимдүү инсандар келишин каалайм.

Бул күндөр дагы өтөт…

Азаттык, адилеттүүлүк, мамлекеттүүлүк үчүн күрөш али алдыда!»,- деп жазган.

Предыдущая статьяӨспүрүм кызды зордуктаган киши түрмөдө өлтүрүлдү
Следующая статьяОрусиядагы тажик мигранттар: «Биз президентти кетиришибиз керек!»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here