Тогуз-Торо районунда жайгашкан Макмал алтын кенинде 70 тоннадан ашык алтындын запасы бар экенин союз маалында аныкташкан. 1985-жылы алтын өндүрүлүп баштаган, ушул убакка чейин 40 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн экен. Демек дагы 30 тонна алтындын запасы бар. Андан сырткары хвостохранилищада 5 тоннадан ашык алтын бар экени айтылып жүрөт. Бүгүнкү күндө алтындын бир килограммы 60 миң долларга бааланууда. Демек, 30 тонна алтындын баасы орточо эсеп менен 1,8 млрд долларга барабар.
Аталган алтын кенди иштетүүнү 2019-жылы кытайлык Макмал Голд Компани утуп алган. Инвестициялык шарттарга ылайык аталган компания Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык, өнөр жайлык, техникалык жана инфраструктурасынын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн жергиликтүү бийлик менен келишим түзүлгөн.
Келишимде:
1. Мал союучу жана этти кайра иштетүүчү заводду 2020-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүп, ишке киргизүү.
2. Сүттү кайра иштетүүчү заводду куруп берүү.
3. Кирпич завод куруп берүү.
4. Поликарбонат менен күнөскана куруп берүү.
5. Туристтик мейманкана куруп берүү.
6. Үч миң даана бал челек сатып берип, элге бекер таркатуу деген милдеттерди алган.
Бирок тилекке каршы азыркы убакка чейин булардын бирин да толук аткарбай жатат.
Ушул келишимдин 1чи, 6чы пункттарына токтоло кетейин.
Биринчи пунктта 2020-жылдын 1-сентябрында этти иштетүүчү завод ишке кириши керек эле, бирок келишимдин мөөнөтү өтүп кеткенине 8 айдан ашык убакыт өттү ишке кирмек тургай курула элек.
Алтынчы пунктта 3000 бал челекти элге бекер таратыш керек болчу. Бирок азыр 1000 бал челек жасатып келип, Тогуз-Торонун элине эки жылдык мөөнөткө 9200 сомдон сатып жатыптыр. Келишимди аткарбай, бекер бериле турган бал челектерди сатып жаткан Кытай компаниясын ооздуктай турган орган барбы бизде?
Инвестордун келгени жакшы, бирок кенибизди казып пайдасын көрүп, келишимди аткарбаган инвесторго мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек да.
Жогоруда айтылгандай 2 млрд долларга жакын пайда таба турган инвестор, жергиликтүү элге пайдасы тийбесе андай инвестордун кимге кереги бар?
Предыдущая статьяОрусиядагы тажик мигранттар: «Биз президентти кетиришибиз керек!»
Следующая статьяАпаке «эшек» деп ура берип акыры эшек болдум

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here