Тажик күйөөм менен сыртка чыккандан коркуп жатам

Саламатсызбы Аргумент.кж сайты. Менин катымды чыгарып бериңизчи. Акыркы окуяларга байланыштуу мен аябай  сыртка чыккандан коркуп жатам, анткени  күйөөм тажик улутундагы жаран.   Чек арадагы чырдан кийин эшикке чыксам менин коңшуларым жаман карап, күйөөмө тийише башташты. Эмне кыларымды билбей, качып кетким келди, бирок барган жерибиз жок. Аябай ыладым, жаман болдум. Тапкан жеримди таппай айлам кетти.

Бир күнү коңшү байке келип күйөөмө бир нерсе айтып баштады, мен болсо аны угуп алып, жанына барып бетине эле айттым: «Биз сизге эмне кылдык? Эмне күйөөм тажик болсо эле жаман адамбы? Жаман улут жок, болгону жаман адамдар бар»-деп үйгө кирип кеттим.

Эртеси ал байке келип бизден кечирим сурады, мен болсо билбейм эмнегедир ичимден аябай сүйүндүм. Ошол күндөр артта калды, азыр болсо мамилебиз аябай жакшы болуп калды. Кудайга шүгүр тынчтыкта жашап калдык.

Add your comment

Your email address will not be published.