Казакстандын Павлодар облусундагы абакта жашы жете элек кызды зордуктоо айыбы менен жазасын өтөп жаткан кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Адам өлтүрүү боюнча жазасын өтөп жаткан 44 жаштагы соттолуучу, чыр-чатактан улам жазасын өтөп жаткан башка адамдын денесине жаракат келтирип, өмүрүнө кол салган. Анын кесепетинен жашы жете элек кызды зордуктоо айыбы менен камалган киши каза болуп калган.

Маалыматка таянсак, маркум Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесинин 3-1-бөлүгүнүн 1-пункту (жашы жете элек кызды зордуктоо) боюнча жазасын өтөп жаткан.

“Окуя кечинде мекеменин санитардык бөлүгүнүн аймагында болгон. Жабырлануучу медициналык жардамга жана мекеменин администрациясына арыз менен кайрылган эмес. Алган жаракаттарынын натыйжасында соттолуучу 9-майда өзүнүн уктап жаткан жеринде көз жумган”, — деп кабарлашкан.

Репортер.кж

Предыдущая статьяАрстан Алай: «Тажиктерге кырсыкты мен жибердим, Садыр күздө кетерин көрүп турам»
Следующая статьяЖеңиш Молдокматов: «Бул күндөр да өтөт, азаттык үчүн күрөш али алдыда»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here