Орусиядагы тажик мигранттар: «Биз президентти кетиришибиз керек!»

*Биз мусулман болгонубуз үчүн күнөөлүүбүзбү? Коңшу өлкөлөр менен ынтымак жок, алар менен дос боло албасак, сакал коюп жүрө албасак, мечитте же үйдө намаз окуй албасак, мигрант болуп жүрүп ата-энебиздин жанына бара албасак, (барсаң эле армияга алып кетет)… Кыскасы, азыр алмурут гүлдөп турган мезгил. Чек аралар жабык, мөмө-жемишти кимге сатабыз? Өзбекстан албайт. Мен 16 жашымдан бери мигрант болуп жүрөм. Үйде иш жок. Ата-эне мээримин көрбөдүк! Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз?! Биз президентти кетиришибиз керек!» деп күйүп-бышып жатышат.

Add your comment

Your email address will not be published.