Алакачып кеткен адам бактылуу кыла алабы? Акыркы кезде мени ушул суроо жей баштады. Мындан эки жыл мурун мектепти аяктагандан бир ай өтпөй мени жолдошум алакачып алган. Баш аттабайт дешип мени калтырып коюшкан.  Бир балалуу болгуча көнө албай жүрдүм. Бирок апамдын айтканын кылып күйөөмө катуу айткан жокмун. Уулум алты ай болуп калгандан тартып күйөөм өзгөрө баштады. Үйдө биздин бар же жок экенибиздин айырмасы жок. Кээде балам ыйлап калса сөгүнуп ызырынат. Чарчап келдим балаңдын оозун жап дей берет. Үйдө азык-түлүк барбы жокпу иши жок болуп баратат. Алып келгенин экономдой берип бүттүм. Мындан эки жума мурун уулум температура болуп калып дары алып келип бер десем акчам жок өзүн бар деп койду. Кошуна эжеден дары сурап, эртеси эжекеме айтып ал бизди ооруканага алып барып дарымды алып берди. Эми өз уулу ооруп жатканда карабаган мени деле карабайт окшойт. Жумуштан келгени телефон тиктеп бирөө менен тынбай кат жазышат. Туну да телефондо отурат. Бизге деле көңүл бөлүп кой десем. Сени сүйгөн эмесмин дейт. Эми эмне кылсам балам жаш кезинде ажырашып кетсемби деп жатам.

Предыдущая статьяАялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим
Следующая статьяКөңүлдөш болгонума өкүнөм. Курсагымдагы ымыркай менен жалгызмын…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here