Аялын тирүүлөй көөмп, өлтүрүүгө аракет кылган жаран абактан чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга жабырлануучунун туугандары билдиришти.

«Сот аны адамдын өмүрунө коркунуч туудурарын билип туруп үй камагына чыгарган. Күйөө балабыз азыр  Кара-Балтада эле жүрөт. Ал эми кызыбыз 3 баласы менен Бишкек шаарына көчүп кетишкен. Азыр ал жакта батирге чыгып,  кызыбыз иштеп баштады. Эми соттун жыйынтыгын күтүүдөбүз», — деди жабырлануучу келиндин жакындары.

«Күйөөм базарга кеткен, келип үйгө кирип, кайра эшикке чыгып кетти. Кайра бир жарым сааттан кийин келип эле «мен сага көргөзөм, айтып бересиң» деп чачымдан сүйрөп, уруп эшикке сүйрөп чыкты. Колумду байлайм деди, бирок тырышып кармаштым. Тээп жиберди окшойт, чуңкурга кулап түштүм. Казылуу экен, тура албай койдум. Буту менен башымды тээп, көмө баштады. Аба жетпей баштады, сыртка чыгар, баарын айтып берем дедим. Күйөөмдүн кылык- жоругун балам карап туруптур, анан ал кошуна эжеге барыптыр. Бирок ал келгенде аны мен көмүгөн аңга такыр жолотпой койду. Анан иним келди, бирок аны дагы жолоткон жок. Бир убакта топ балдар келип, мени казып чыгарып үйгө киргизишти», — деп милиция кызматкерлерине айтып берген.

Бул боюнча Панфилов РИИБи  иш тергелип бүтүп сотко өткөнүн билдиришкен.

Эскерте кеткек, ушул жылдын 22-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районунан караштуу Кумарык айылында күйөөсү аялын сабап, тирүүлөй аңга көмүп салган. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Предыдущая статьяАблязов: «Путин Кыргыз-Тажик согушунун автору экенин билдирип койду»
Следующая статья“Ушул менин үйүм деп туруп, жулунуп качып кеттим”,- тажиктердин колунан араң кутулган эне

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here