. Мындай пикирин мурдагы Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, чек арадан чыккан чырдан жабыркаган турак-жайларды Кыргызстан эмес, тажиктер калыбына келтирип бериши керек.
Жапыкеевдин сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:
“Достор, бир эле мисал:
Эгерде кошунан кокустан эле сууну каптатып (затопления) жиберген болсо, ал сөзсүз келтирилген чыгымды төлөп, толугу менен ремонт иштерин жасаганга милдеттүү.
А биздин кошуна затопту кой, атайын куралы менен келип, өлтүрүп, өрттөп жиберсе да, чыгымды биз өзүбүз төлөйбүз дегенин түшүнүш кыйын болду. Анда международный военный трибуналдын эмне кереги бар, ошолор толук иликтеп баасын бериши керек.
Түшүнөт элем, эгерде эки киши уруша кетишип, өз ара чечишип алдык, эч кимге доом жок деп милицияга арыз жазбай коюшса болот эле.
Азыр мамлекет аралык жаңжал чыгып турат, биз өзүбүз чечишип алабыз, эч кимге доо койбойбуз деген болбойт…
Кыргыз эли абдан боорукер, жардамга даяр элбиз, биз даагы эле карапайым, колунда барлар кыскасы эл өзү мамлекеттин ишин өз милдетине алып гумжардам издеп, ташып, берип жүрүшөт, кээбир колунда барлары 20 үй салып берем деп жатышат, молодцы. Бирок чынын айтсам Баткен боюнча Өкмот иштеп гумжардамды жардамдай, каражатты каражаттай таап, келтирилген чыгымды Өкмот мыйзам менен бериш керек, Өкмөттүн толук милдети. Согушту карапайым эл кылган жок, кийин Эл аралык сотту кычыратып утуп туруп, Тажиктерге төлөтүш керек эле”, -деп билдирген Жапыкеев.
Предыдущая статьяАдахан Мадумаров: “Акыркы убакта менин кадыр-баркым өсүп кетти”
Следующая статьяТилекмат Куренов: «Садыр мырза, Жеңиш Молдокматовдун апасын ыйлатпай бошотуңуз!»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here