2015-жылы Алмазбек Атамбаевдин аркасынан КСДПдан депутат болгон Жанар Акаев көп өтпөй ойт берип, шефине каршы чыгуу менен оппозиция жээгине өткөн. Ар кайсы саясый күчтөрдүн сагалап жүрүп, былтыркы шайлоодо Райымбек Матраимовдун колдоосу аркылуу “Ата Мекен” партиясына кирип, бирок ийгиликтин изинен тайган. Акыры Өмүрбек Текебаевдин короосунан кылчактап, мант берип кеткенине күбөбүз. Соңку убакта Алтынбек Сулаймановду ээрчип, Баткенге кыдырып барып келди. Сыягы, күздөгү парламенттик шайлоодо “Бир Болдун” катарынан аламанга аттанып калса, таңгалбай эле койгула. Ошондо Жанар мырза саясаттагы кыска өмүрүндө улам бир топко кирип-чыгып, туруксуздугун көрсөтүп атканыбы? Дагы канча партиянын чапанын кийет болду экен?..

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяДепутат Айнура Аскарова ИИМге тийишип калыптыр, айыбы ачылабы?
Следующая статья«Ак бата» партиясы шайлоодон баш тартты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here