«Согуш, адамдар өлдү. Кыргыздардын тарыхында экинчи жолу адамдар массалык түрдө үйүнөн качууга аргасыз болушту. 105 жыл мурун (Үркүндө) жана бүгүн. Ал эми президент бийликти өзгөртүү менен алек».

Бул тууралуу кыргыз саясатчысы, парламенттин экс-депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кечээ Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасап, өзүнүн пландары жөнүндө айтып берди.

«Эмне деш керек? Аны өзү жазгандыгы күмөн, бирок кеп мында эмес, болгону эч нерсе өзгөргөн жок! Анын пикири боюнча, адамдар жакшы жашашы үчүн, мамлекеттик мүлктү, тагыраак айтканда, калган байлыктарды сатыш керек. Бул энергетика, аэропорт, коммуникация, кен байлыктар … Мунун баары ал бийликтин сынчысы катары мурда айткандан жүз пайыз башкача… Кыскача айтканда — Садыр Нургожоевич, сен көз карашыңды өзгөртүүнү үйрөндүң, бирок сен сата тургандай энергетикалык системаны, жолдорду курганың жок! Токто иним …», — деп жазды ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кечээ, 5-майда жаңы Конституцияга кол койгон.

Предыдущая статьяСыймык Жапыкеев оппозицияга кайтып жатат
Следующая статьяИса Өмүркулов: «Жардамды бизден эмес, элдерден, көчөдөн сурагыла»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here