Мен турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Эки балабыз бар. Ушул убакка чейин сүйөм деп мага  күндө айтат. Мен ишенчүмүүн. Ушунча жакшы, көрүп,таттуу сөздөрдү айтат. Бирок ичип алып жинди болуп кол которгондору,жаман сөздөр менен согуп да коет. Эртеси күнү соолукканда тизелеп кечирим сурап,таманыма чейин өпкүлөп,сүйөм,сенсиз кантип жашайм деп жалдырай. Бирок,бир окуядан кийин сүйөөрүнө ишенбей калгам. Мурунку сүйгөнүн интернеттен таап жазышып жатыптыр. Үч күн перепискасын окудум. Ушул убакка чейин аны сүйөөрун, андан башка бул дүйнөдө эч ким жок экенин,көздөрүн,таттуу эриндерин сагынганын, ушунча назик,ак көңүл жан экенин кайра кайра жазып,аны менен жолуккусу келгенин суранып жатканын окуп жүрдүм. Ошол эле маалда үйгө келип алып «сени ушунча катуу сүйөм жаным,сен жок жашоомду элестете албайм. Мага повезло сендей аялым бар экенине,сени менен сыймыктанам. Башка бирөө болсо эчак эле жашабай калмак болушубуз керек. Сен менин чексиз бактымсын»-деп менин көзүмө карап туруп сүйлөп жатканда ушунча эркек эки жүздүү болот экен деп таң калгам. Ал сүйүүсүн арнап жатканда ичимен өрттөнүп, жүрөгүм музга айланып баратты. Көзүнө карап турдум,бирок ушунча профессионально алдап жатты,эгер мен ошол жазышкандарын окубаганда,дагы деле ишенип жүрө бермекмин. Чоң уруш болду. Сөз берип алып калды. Бирок мендеги ага деген ишенич сүйүүм менен кошо өрттөнүп кеткен. Кийин дагы ошонусун далай жолу кайталайт. Бирок мен эми башкамын. Мен азыр өзүм үчуү гана жашап калгам. Балдарымдын атасы деп эле чогуу жашап жүрөм,бирок баягыдай тунук сезим,сүйүү, ишенич менде өлүп калган. Бирок бир жакшы жери кызганып,ыйлап, эч кимге бергиң келбей ,кайтарбай калат экенсин. Кетип калса андан жакшы, ал жок деле сонун жашай берем. Аялдын жүрөгү физическая измена эмес эмоциональная изменадан катуу тилинет экен. Жүрөгүң бир муздачу болсо ал түбөлүк экен.

Предыдущая статья29 жаштамын, окусам кечпи, же күйөөгө тийе берсемби?
Следующая статьяЫрчы Роза Шакированын бир тууган эжеси каза болду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here