Тагдыр ар бир адамды ар башка сыноо берип көрөт экен. Жети жыл мурун жуучу келип жакшы жерге турмушка чыккам. Жолдошум бирөөнүн көңүлүн оорутпаган адам. Кайненем менен чогуу жашайм. Кайнатабыз болсо он беш жыл мурун оорудан улам каза болуп калыптыр. Эки кайнежем бар. Алар мага кайнежелик кыялын көрсөтпөдү. Кайненем апамдай мамиле кылат. Бир гана көйгөйүбүз бул балалуу боло албаганым. Барбаган жерим, көрүнбөгөн дарыгерим калбады. Акыры бул көйгөй күйөөмдө экенин билдим. Буга чейин төрөй албай жатам кетейин десем кайненем менен күйөөм караманча каршы чыгып үйдөн чыгарбай коюшкан. Эми кайненем болсо мени “балам өзүнөн экенин билбейт, сен аракет кылып бирөөдөн болсо да төрөп үй-бүлөнү сактап кал”-деп жатат. Албетте, бул сөздү курбуларымдан эмес кайненемден угуу мага оор болду. Күйөөм жокто кайненем мени башкадан болсо да төрөшүмү айта берет. Кантип ала жипти аттайм? Бала багып алалы дегенге такыр ынабай койду.  Эмне кылсам болот?

Предыдущая статьяБолочок жолдошум тажик экенин ата-энеме кантип айтам?
Следующая статьяМолдо күйөөм 4 аял алам деп жатат. Эмне кылсам?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here