Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти Азия ньюс гезитине берген маегинде айткан:
— Аске, «чек ара көйгөйүн дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечүү керек» деп жаздың эле, ал ишке ашпай калды окшойт…
— Элибизде айтат эмеспи, «түбөлүгүн түз кылсын» деп, анын сыңарындай, мындан аркысы жакшы жолго багыт алсын, ниет кылып туралы. Чек арада чыккан конфликт буга чейинки сүйлөшүүлөрдү, сунуштарды жокко чыгарып салды десек болот. Эми, албетте, комиссиялар өз ишин кайра баштайт. Бирок, жаңы шарттар, жаңы талаптар коюлушу мүмкүн. Бул эми оор, татаал маселе. Жаңы бийликтин көп жылдан бери чечилбей, «сүрсүп» кеткен бул көйгөйдү тез арада чечип салуу аракети тажик тараптын каршылыгына дуушар болду.
Чек ара жаңжалына тажиктер күн мурунтан камданышып, жарандарга курал таратылып, кыргыз жерин басып алууга катуу даярдык көрүшкөн.
.
— Камчыбек Ташиев «маалыматыбыз бар болчу» деп атпайбы?
— Кол салуу жөнүндө так маалыматы болсо, чет өлкөгө учуп кетпейт эле.
Менимче, так маалымат жок болгон. «Кыргыз бийлигинде тажик тараптын тыңчылары бар» деп силердин гезит мурда эле жазгансыңар. Сооронбай Жээнбеков башында турган шалтурук бийлик ага көңүл бөлбөй, сатылма соттор силердин гезитке айып салбадыбы! Болбосо, Ташиев Германияда, Марипов Казанда жүргөндө эмнеге жаңжал чыгат? Демек, тажиктерге Бишкектен так маалыматтар берилип, сырыбызды сатып турушкан…
Предыдущая статьяАбдил Сегизбаев «жашыруун «иш боюнча көргөзмө берүүдөн баш тартты
Следующая статьяБаткенде суу дамбасы жарылып 1500 адам көчүрүлдү

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here