Саламатсыздарбы, сураныч аноним чыгарып бериңиз. Менин көйгөйүм, бул турмушум үчүнчү, 3 турмушумдан бирден кызым бар, шүгүр, өзүм Россиянын жаранымын. Азыркы үй бүлөлүк жашоомду 3-жыл жашап жатабыз. Көйгөйүмдүн себеби, күйөөм жашагандан бери иштебейт, айылда турабыз азырынча Россияда  болуп иштейм, ал жашаганыма 23 жыл болду, пособия жакшы алам. Күйөөм ошого таянып иштебейби билбейм, намаз окуйт, тили аябай ачуу, кыздарым мени менен чогу, сөгөт аябай мени да кошо. Иште десең эле балээге калдым, пособиямды ичип жеп эле жатабыз, айылга келгенден бери 30 жыл мурун салынган үйдү ремонт кылып келе атабыз, кайненем менен үзүрү бар кайинсиндим экөө бизге чейин жер тамда жашашчу. Күйөөмдүн мен да 3-аялымын, 1 кыз 1 уулу бар биринчисинде, алар менен катташпайт. Катташ десем, мурунда көп айтчумун, кийин айтпай да калдым, өзү иштебесе, аларында алдырып алып мен багайынбы. Өзүмдүн акчама өзүм ээ эмесмин бир тыйынды эсейптеп турат, кээде катып калам, кандай кылсам, кетип калсамбы? Чарчадым, өзүмдүн апам жаша дейт, урушсак сенден башка катын түгөнүп калгансып деп, аябай жанымды сыздатып сүйлөйт, сөзү ок, өзү бок деген адамдардан. Россияда үйүм бар, жумушум бар, өзүм өзүм түшүнбөйм муну ээрчип эмне кылып жүрөм бул жакта, ушул адамга турмушка чыгаарда, намаз окуганын билип ойлоптурмун намаз окуган адамдардын баары сабырдуу, түшүнүктүү, карапайым, сөгүнбөгөн, сый урматты билген адам деп. Башында көзүнө карай алчу эмесмин сүрдөнүп азыр дарт десе балээ дейм, күнүгө урушабыз. Строй материалдары баары астында ушуларды да кылбайт көчүгүн такап алып диванга акыл үйрөтүп сайранып, апасынан баштап көздөп оңго бас солго баспа деп турат. Уктайт түшкө чейин, намазын окуп алып, түшкү намазын окуйт да телефон чукумай. Бирөө чалса жоголот, түнү 2-3дө келет. Жашоо ушунуку  кетип калсамбы кулак мээ тынч.

Предыдущая статьяМолдо күйөөм 4 аял алам деп жатат. Эмне кылсам?
Следующая статья29 жаштамын, окусам кечпи, же күйөөгө тийе берсемби?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here