Саламатсыздарбы. Мен ушул жылы 29 жашка толом. 11-классты бүтүп эле Москвага келгем. Келгенден бери жакшы иштеп, үйдү өзүм бүтүрдүм,жакшы условиясы менен. Айлыгымды  алганын алгандай үйгө жөнөттүм. Кудайга шүгүр көп ийгиликтерге жетиштим. Ата-энемди камсыздадым. Үй,кой алып бердим.Жалаң ишке барам, үйгө келем эч ашыкча баспадым.Бирок мектепте окуп жүргөндө абдан жакшы окуйт элем. Университетке тапшырбай калганыма өтө өкүнө берем. Түн менен ыйлап чыгат элем. Окубай калдым деп.Азыр деле өкүнө берем. Бирок жашоо шартка байланыштуу окуй албай калгам. Заочный кылып окууга тапшыргам экономисти бүткөн тааныштарым менен сүйлөшүп. Аны да өзүм бүтүрдүм .Окуп жүргөндөрдү көрсөм суктанам.Жигитим бар жакшы бала ыймандуу,түшүнүктүү. Апасы врач, эжеси медсестра экен.Өзүмдү кемсинте берем турмушка чыксам кандай болот деп эле. Жигитим түшүнүктүү бала.  Быйыл сентябрда окууга тапшырып кой,мугалим болсоң да жакшы. Бүтөйүн дегенде очный окуйсуң»-дейт. Же быйыл турмушка чыкпай эле медсестрага окууга тапшырып, окусам жакшы болобу?Кайсы окууга тапшырсам болот?Азыр кеч калгандай сезилет.Окубай калганыма өкүнөм

Аноним

Предыдущая статья3-турмушум. Намаз окуган адам экен деп тийсем дивандын көчүгүн көтөрбөгөн жалкоо экен…
Следующая статьяКүйөөмө ишенип мени сүйөт деп адашып жүрүптүрмүн…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here