Россиянын президент Садыр Жапаровду Улуу Жениш күнүнө карата боло турчу парадка чакырылбаганына саясий анализ жүргүзүп, президентти элге жакын болууга чакырык жасаган кайрылуулардын бири эркин журналист Мелис Арып — Бек. Ал өзүнүн пикирин фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Москва парадка чакырса да баруунун эч кажети жок…

Улуу Ата мекендик согуштун Жеңиш күнүнө карата Москвадагы парадка Садыр Жапаров чакырылбай калыптыр, дегенди уккандардын айрымдары кейип-кепчишип жатышат. Бир чети, эмнеге чакырылбай калды? – деген суроо, албетте, жаралат? А бир ак…

А бир ак, Москва экижүздүүлүк сасыткы сайасат жүргүзүп, жеке өзүнүн кызыкчылдыгын өйдө койуп, Таджикстанды тымызынан колдогондуктан, Эмомоли Рахмон Кыргызстанга кол салды. Туурабы?

Ушул багыттан алганда, биздин президентке ал жакка баруунун эчкандай кажети жок. Анын үстүнө, Путин 08.05.21 жылы, параддын алдында Рахмоновду официалдуу кабыл алат экен. Демек, бул дагы Кыргызстанга карата болгон терс көрүнүш. Россия ачыктан-ачык Точикстонду колдогонун белгиси… Андыктан…

Андыктан, биз өзүбүздүн стратегиялык саясый көз карашыбызды карап чыгуубуз зарыл. Душмандар кол салып, согуш жарыялаган күнү  кимдин ким экендиги билинди. Ушуга байланыштуу, Садыр мырза, агерде акылман көрөгөч болсоң, анда тышкы ички саясатты абдан жакшы түшүнгөн адамдар менен кеңешип, сырткы саясатыбызды түп тамырынан бери карап чыгуубуз зарыл. Өзгөчө…

Өзгөчө, эт менен челдин ортосундагы ТИМ министри Р. Казакбаевдын ордуна эл аралык денгээлде бийик кадыр баркы бар Таалатбек Масадыковду министр кылып дайындоо учурдун талабы. Ошондой эле, чек ара жаңжалына түздөн-түз себепчи болгон Улукбек Мариповду кызматынан кетирүү керек. Андан тышкары…

Убакыттан уттурбай, тез арада Улуу элдик Курултай чакырып, ошол жерде элдин үнүн угуп, сунуштарын ишке ашыруу да мезгилдин кыйкырып турган талабы. Элдин үнүн угуп, элдин жүзүн көрбөсө, азыркы ажонун келечеги жок. Тегерегиндеги мите курт, кузгун, чөөлөрдүн ордуна иш билги, намыскөй атуулдарды алып келүүсү эзилген элдин миңден бир өтүнүчү.

Ал эми, бизди сатып, эки жүздүү арамза мамиле жасаган Москвага, чакырса да, азыркы кезде эч кереги жок.

Садыр Нургожоевич мырза, элден алыстап, Ак үйдө өзүнчө болсоң, элден чыгып, эртеңкиңе балта чабасың. Анткени, элдин үмүтү күндөн-күнгө үшүп баратат. Эл менен кана келечегиң бар!”

Предыдущая статьяКамчыбек Ташиев: “Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок!”
Следующая статьяКамчыбек Ташиев тажик делегаттарынан кечирим сураган эмес

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here