Менде баары бар бирок аялдык бакыт жок. Бир кезде турмуштун ысык-суугуна чыдабай ажырашып кеткениме аябай өкүнөм. Колумда эки кызым бар. Материалдык жактан камсызмын. Өзүмдүн кичи бизнесим бар. Болгону кыздарымдын жүрүм-турумдарынан ата мээриминен өксүк экенин көрүп жатам. Төрт жыл мурун жетишпеген жашоодон улам уруш-талаш чыгып үйдөн чыгарып ийгем. Эки жылдай элдешем деген үмут менен келип жүрду. Бирок мен таптакыр ынабай койгом. Эми элдешейин десем баары кеч болуп калды. Ал бир жыл мурун башкага үйлөнуп ортолорунда уул баласы бар. Азыр мен анын баркын билип, өткөнгө өкүнүп отурам. Эгерде өткөн чакка кайрылууга мүмкун болсожолдошум менен жашаган бактылуу күндөргө кайрылып бармакмын. Аялы экөөнүн чогуу басып бара жатканын көргөндө ичимден кан өтүп кетет. Кыздарым мага айтпай анын үйунө барып, аялы менен атасы менен катташат. Мен билмексен болуп келем. Биздин мындай жашообуз канчага чейин созулат деп аягынын бүтүшүнө кабатырланам.

Предыдущая статьяАйдана: «Мен да бирөөнүн эрин имерип, сезимдерибиз тереңдеп баратты…»
Следующая статьяКүйөөм мени таштап башканы алып алган бирок талак бербей жатат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here