Бүгүн мүрзөсүнө барып куран окуттук. Эстеликтеги атын окудум. Каза болгонуна дале ишене албайм. «Чай ичебизби же жокпу» деген сөзүн сагындым. «Таң эрте ойготтуң деп» короз менен урушканын сагындым. Эшиктин алдында жүгөрү чыгарып отураган элесин сагындым.
Көптөн бери бөлмөсүнө кире элекмин. Төшөктөрүн сыртка алып чыгып жайдым. Кийимдерин жууп, үтүктөп ордуна кайра койдум. Кайын эжелерим «бөлмөнү бошотуп, керексиз нерселерди ыргытып койбойсуңбу» дешкен. Колум барбады. Кайын энемди сагында ушул жерге келип китеп окуп жатам. Жыты бар. Дарылардын аты, врачтар койгон диагноздору жазылган кагаздардын ичинен бир барак таап алдым. Кат экен. Кыязы көз айнеги жок жазган окшойт. Сөздөрү өйдө анан ылдый экен.
«Бул оору мени алып тынат окшойт. Жеңилдим. Күрөшкөнгөнглым калбады. Балдарымды деле кыйнап койдум окшойт. Алар го мейли, өз турмуштары менен алаксып кетет. Могу келиниме кабатырмын. Боорукер неме мени жоктоп ыйлай берип соолуп калбаса экен. Жанагы киносун көрсө эле ыйлайт.
Жүдөтүп жөн отургузчу эмесмин. Эми эмне кыларын билбей зеригет. Бир жумуш берип койсомбу. Бул баары бир ыйлайт. Ооруп калбаса экен. Уктагандан корком. Турбай каламбы дейм. Анын үстүнө көп нерсени унута баштадым. Карылыкка алдырдым окшойт. Бир жолурахмат айтып койсом болмок экен. Мени андайга үйрөтүшпөттүр.

Келиним, кызым, алтыным… Бөлмөмө киргенге ашыкчы эле, кызыгып бул катты дагы таап чыгарыңа ишенем. Кийимдеримди дагы жууган болушуң керек. Тим эле койсоң болмок.
Мен сага ыраазымын. Бетиңе айта албадым. Жакшы көрүп урушуп жатканымды билчүсүң ээ? Күлүп туруп элең. Ары тур дегенеиме карабай катуу кучактаганың жагат эле. Акыркы күндөрү сен жанымда болдуң. Рахмат. Кийимдерим таза, курсагым ток, башым жуулган
болуп көз жумам. Рахмат. Кайын эжелериң келип бөлмөмдү бошото бер деши мүмкүн. А мен билем, сен антпейсиң. Жакин менен урушканда кайда жатарыңды билем да. Бирөөнүн кызын жакшы көрүп калм деп эч ойлобогом. Кыздарымдан артык кыз болдуң. Кайын
энең сага ыраазы. Батамды берем. Бактыңды тилейм. Көз айнегимди жерге түшүрүп алдым. Медайым келсе алып берет. Сен келгиче дагы көп нерсе жазайын дедим эле. Көрбөй жатам. Катты катуу кучактаган боюнча ыйлап жаттым. Артымда күйөөм көз жашын төгүп карап турду.
Мерез жүрөгүмдү эмес, мерез мүнөзүмдү кечир!
Предыдущая статьяАйжан Чыныбаева: » Сөгүнчөөк жетекчи менен иштеше албайм»
Следующая статьяКайненем каарый берет кээде өзүмдү ашык сезип кетем

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here