Кайненем каарый берет кээде өзүмдү ашык сезип кетем

Саламатсызбы эжелер. Мен сиздер менен оюмду бөлүшкүм келди. Мүмкүн болсо Акыл-кеңешиниздерди бериңиздерчи.

Турмушка чыкканыма эки жылдан ашты. Колумда кичинекей балам бар. Кайын журт менен чогуу жашайбыз. Кайненем менен жакшы мамиледе болууга тырышам бирок ортобузда дубал тургандай боло берет. Ал кишини жаман деп айтуудан алысмын. Болгону күн сайын мага болгон мамилеси сууп баратат.  Үйдө күйөөмдөн кийинки эки кыз бир уул бар. Алар мага жардамдашуу дегенден алыс. Жумуш кылышпайт деп күнөөлогум келбейт. Болгону мен жумуш кылып жатканда баламды алаксытып алып турушса деп ойлойм. Балам туну уктабай калган күндөру эртен менен саат жети сегизде тура албай калам. Ошондой кундөру кайненем катуу катуу басып, сүйлөнүп оокат кылат. Угуп калган күндөру бара калып колунан алайын десем “Элдин баары эчак турган, уят деле жок. Түшкөн кийин туруп дагы кылам дейт»- деп бир топ сөз сүйлөнөт. Анысына кулак жапырып коем.  Биздин үйдө бир убакта баары чогуу чай ичүү деген жок. Ар кимиси каалаган учурда чайын ичип тамагын еп отурган жерин тазалабай туруп кетишет. Чынын айтсам үй тиричилигине кээде жетише албай кетем.

Буга кошумча күйөөм акыркы күндөрү үйгө кеч келет, кээде телефон тиктеп балам ыйлап жатса да алып койбойт. Акыркы кезде бул үйдө балам экөөбуз ашыкчадай сезе баштадым. Канчалык кайненемдин айтканы менен болгон сайын мени кодулоого өтө баштагандай сезиле баштады. Кээ күндөрү баламды көтөрүп алып таптакыр кетип калгым келет. Акыркы кезде ажырашуу оюма тез-тез келип жатат.

Add your comment

Your email address will not be published.