Дагы бир кызды алакачып кетип табылбай жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиришти.

Маалыматта, 6-майга караган түнү саат 02.00 чамасында Аламүдүн районунун ИИБна эжесин жумушта отурган жеринен белгисиз эркектер унаа салып кетишкенин кабарлап арыз менен кайрылган. Анда 2001-жылы туулган К.Ф., Лебединовка айылындагы дүкөндөрдун биринде сатуучу болуп иштеген. Дүкөндү жаап кетип бара жаткан жеринен унаадан тушө калган белгисиз эркектер салып кеткен. Ал эми жанындагы сиңдиси эдесине жардам бере албай калганын билдирет.

Бул иш-аракет катталып, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн жашаган жерине жөнөп кетишти.

Предыдущая статьяКайын журтка канчалык кызмат кылсан ошончо талап кылышат экен
Следующая статья“Мыйзамсыз баюуга” шектелген Абжалиев качып кетип, байлыктарын сактап калдыбы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here