Пт. Янв 21st, 2022

“Президент Хан Конституциясына кол койду жана машаяк болду”.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

Анын ою боюнча, азыр өлкөнүн өнүгүшү толугу менен президентке көз каранды.

“Эми өлкөнүн өнүгүшү президенттин эркине жана каалоосуна, жөндөмүнө, акылына, компетенттүүлүгүнө, маанайына жана ден-соолугуна, туугандары жана жакындарына байланыштуу болот” — деп жазган эл өкүлү.

Ошондой эле Дастан Бекешов Садыр Жапаровго каалоосун билдирди.

«Мен Садыр Жапаровго ак ниеттеринин ишке ашышына, компетенттүүлүктүн өсүшүнө, кыраакылыкка, жарандардын жашоосун жакшырткан экономикалык реформаларды жүргүзүүгө, тарыхта аты алтын тамгалар менен калуусуна жана акылдуу жардамчы министрлердин жанында болшуна тилектешмин. Эгер ал ийгиликке жетсе, анда элдин бардыгы ийгиликке жетишет”. — деп жазган депутат.

Ошондой эле Бекешов Садыр Жапаровдун бүгүнкү кайрылуусунан «Баары жакшы болот»-деген тыянак чыгарууга болот, бирок качан жакшы болору белгисиз экендигин баса белгиледи.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *