Тажикстан Жерге-Тал аймагындагы кыргыз паспорттуу тургундарды депортация кыла баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Алардын айтымында, акыркы бир жумада Тажикстан паспорттук көзөмөлдү күчөттү.

«Кыргызстандын жарандыгы менен жүргөндөр дароо райондук борборго жеткирилет. Алар тез арада кыргыз паспортторунан баш тартууну жана Тажикстандын жарандыгын алуусун талап кылышууда. Ал эми макул болбогондор Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Карамык» өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга депортацияланат. Жада калса буюмдарын чогултканга жетишпей жатышат», — дейт жергиликтүү тургун.

Анын айтымында, Жерге-Тал районунда 30 миң этникалык кыргыз жашайт. Кыргызстандын жарандыгын негизинен жаштар алышат.

“Буга чейин алар кыргыз жарандыгы менен миграциялык күбөлүк толтуруп коюп эркин жашап, иштеп жүрүшкөн, анткени көпчүлүгүнүн ата-энелери жана туугандары бул жерде. Бирок абал өзгөрдү. Жакында эле кыргыз тилдүү мектептер кыскартыла баштады, алардын бардыгы тажик тилинде окутууга өтүп жатышат », — деп кошумчалады жергиликтүү тургундар.

Предыдущая статьяӨмүрбек Суваналиев отставкага кетти 
Следующая статьяБаткен облусуна жаңы жетекчи дайындалды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here