Өгөй баласын сабаган ата экинчи кол көтөргүс болду

Ысык-Ата райондук соту баланы сабаган өгөй атасын Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматта, эркек киши 60 миң сом айып пул төлөөгө соттолгону такталды.

Эске салсак, WhatsApp мессенджеринде эркек киши кичинекей баланы сабаган видео таркатылып жатат. Көрсө, окуя февраль айында Ысык-Ата районунда болгон. 25 жаштагы К.Б арыз менен милицияга кайрылган. Ал уулун сабап, видеого тартып, андан соң WhatsApp аркылуу жиберген жигити боюнча чара көрүүнү суранды.

Add your comment

Your email address will not be published.