Саламатсыздарбы эжелер, мен сиздерге өзүмдүн жан дүйнөмдөгү көйгөйдү айткым келип жатат. Мага жардам бериңиздерчи.
Мени кагып же кыйынсынгандардын пикирине муктаж эмесмин чын дилиңизден кеңеш бериңиздер.
Окууну бүткөндөн көп өтпөй турмушка чыккам. Жыйырма жашымда кыздуу болдум. Бирок кызымды ушунчалык жек көрөм. Кызды төрөгөнгө мен моралдык да ден соолуктан да даяр эмес болчумун. Кызды төрөш үчун келбетимден кеттим. Курсактарын саландады, семирдим. Бир сөз менен айтканда түрү суук болуп калдым. Аны багам деп бир жылдан ашуун өзүмө кам көрө алган жокмун. Аны менен катар дагы экөөнү плансыз төрөдүм. Ар бир бала мен үчүн эмес кайын журттун кубанычы үчүн төрөлдү. Кызды кайнене бакты. Чогуу жашаганга мени апалап келе берет. Ал жаныма келген сайын төбө чачым тик туруп, уруп салгым келе берет. Бирок кайненем болушкандан улам колумду тийгизе албайм. Эсимде мен бала кезде кубанып апамдын кучагында отурган күнүм болгон эмес. Атам мени төрөлгөндө кыз деп чанып таштап кетиптир. Ошол кадамы үчун апам мени күнөөлөп дайыма урчу. Менн анын көзунө көрунбөгөнгө аракет кылып чоңойдум. Мерез болдум. Кызымдын: “Апа мен сизди аябай жакшы көрөм, кийин сизди багам”-деп айтканына жаным кашая берет. Канча жолу өзум төрөгөн кызды эне катары колума алып сүйөйүн десем да анте албай келем.

Предыдущая статьяЖапаров: Биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бергем
Следующая статьяКүйөөм ысык чайды башыма коюп алып урат, тирандан кантип кутулам?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here