Вт. Янв 25th, 2022
Көп жашап, көптү көрбөсөм да, коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөр мени ойго салат. Айрыкча аялзатына болуп жаткан мамилени көрүп, кыздуу болуудан коркосуң. Өзүңөр түшүнгөндөй, бүгүн силерге кызым жөнүндө айтып берүүнү чечтим.
Кызым төрөлгөндө болгону 25те элем. Ал күн дале эсимде. 2013-жыл, 14-сентябрь, түнкү саат 23:00төр чамасы. Келинчегимдин толгоосу башталды. Кычашып машинам жок. Досумду чакырдым. Мен, апам, келинчегим болуп төрөт үйүнө бардык. Келинчегимдин абалы бир аз
кооптуу экен деп алып калышты. Бизди үйгө бара баргиле деди. Мен болсо кетпей, төрөт үйүнүн алдында ойго батып отурдум.
 Баары жакшы болсо экен. Келинчегим көп кыйналбаса экен. Апам ойлонуп кабатыр болбосо экен.
Ошентип, 2013-жылдын 15-сентябрында кыздуу болгонумду кабарлашты. Кубанычым койнума батпай, тааныган адамдардын баарына сүйунчүлөп чыктым. Чуркап баратам. Жүрөгүм толкунданып чыгып кетчүдюөй согот. Аялымдын жанына кирдим. Байкушум, спорт залда бир канча адам менен алышкандай эле абалда экен. Көз жашым сыртынан эмес, ичинен агып жатты. Кызыбызды жарык дүйнөгө алып келүү үчүн күрөштү. Бул үчүн өмүр бою ыраазымын. Өзүм тамак берем деп, келинчегимди тамактандырдым.
Бойтойгон колдору, куурчактыкындай тырмактары, оозу, мурду… Менин эле көчүрмөм. Көрүп
алып өзүмдү коерго жер таппайм. Суктанып карадым. Мен сага татыктуу тарбия берем, колуман келгенче мыкты инсан болушуңа аракет кылам. Ичимен ниет кылып, кызыма сөз бердим. Мен ата болдум!
Билесиңерби достор, кыз атасына мээримдүү болот экен. Андыктан, биз аталар ал мээримди актаганга аракет кылалы. Мага өтө жакын. Жанымдан чыкпайт. Командировкага кетсем ал мени, мен аны сагынам. Түшүмө чейин кирет. Жадакалса, мектептен келгиче сагынып кетем. Бой жеткен сайын кооптоном. Бүт жамандыктарды өзүмө алып, аны коргоп эле тургум келет. Бүгүнкү күндө тапкан акчамдын дээрликөп бөлүгүн кызымдын мектебине коротом (1600 доллар). Ал болгону 2- класста окуйт. Кызыма канча короторумду уккандар таң калып, «кызга дагы ушунча коротосуңбу», «күйөөгө чыгып кетет», «андан көрө уулуңа сарпта» ж.б дешет. Эх… Эмнеге минтишет?
Менин кызым келечекте дарыгер болорун айтат. Алтыным десе, тилегиң ишке ашсын.
 Уландысы бар

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *