Акыркы кезде жашоом ак- кара түскө эле бөлөнүп калды. Ичимдегилерди бирөөгө айтпасам жарылганы калдым. Кээде өлгум келет бирок балдарымды аяп кетем. Турмушка чыкканыма он жылдан ашты. Балдарым атасыз калбасын деп эле жашап келем. Күйөөм он жылдан бери кол көтөрүп келет. Кээде мени шылдыңдап ысык чайды чыныга куйдуруп башыма коюп алып урат. Чай төгүлсө мындан жаман болот деп айтат. Коркконуман чаап тепсе да кыймылдабай туруп берем. Акыркы жолу кабыргам сынып үйдө жатсам эжем келип мени алып кеткен. Бирок балдарым үчун кайра барганга туура келди. Ажырашайын десем балдарды бербейм деп жатат. Мен жокто кызым менен эки жашар уулумду эмне кылып ийет деп корком. Буга чейин да кызымды уруп койчу. Эки жолу баш мээси чайкалып ооруканага жатып чыктык. Анда да уруп койгонун жашырып, ойноп жатып бийиктиктен кулап кетти деп жашырдым. Кандай кылганда ушундай тиран күйөөдөн балдарымды куткарып кетем. Кокус уруп жатып мени өлтүрүп алса балдарымды кимге таштайм деген ой акыркы кезде оюман чыкпай жатат.

Предыдущая статьяКызымды ушунчалык жек көрөм, төрөгөнүмө өкүнөм
Следующая статьяКызыма 135 000 сом коротом десем, анын баары бир күйөөгө тиерин айтышат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here