Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева иштен кеткендигин видео кайрылуу аркылуу,  өздүк баракчасында кабарлады.

Анда айтылган маалыматка ылайык, вице-мэр жетекчиси менен тил табыша албай калгандыгынан кетүүгө мажбур болгон.

«Кол алдындагыларды урушкан, сөгүнгөн жетекчи менен иштеше албайм. Азыр ден соолугума карайын деп чечтим»-дейт Чыныбаева.

Бул тууралуу азырынча мэриядан жооп боло элек. Бирок, расмий кайрылуу болоору менен маалымат толукталат. Экинчи тараптын пикирин алууга мүмкүн болушунча аракет кылуудабыз.

Эске салсак ал, 2020-жылдын октябрь айында «Бир-Бол» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин, жаштардын атынан Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалган болчу.

Предыдущая статьяТажиктер уурдай качкан унааларды кайтарып беришти
Следующая статьяКелинине бир дагы жолу ыраазычылыгын айтпаган кайын эненин каты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here