Орозонун айында жазбайын дедим эле бирок жазууга туура келди.  Жолдошум менен жакын мамиледе болгон бир келин мага жаза берип мазамды чыгармак болду. Күйөөм менен ошонун айынан урушуп, башканы алам деп үйдөн чыгып кетип азыр ата-энесиникинде жашап жатат. Ортобузда эки уул, бир кыз бар. Эми мага жазып жаткан келин интернетте көп отурат. Өзүн кыйын саясатчы караты көрөбү айтор ушул сайтын макалаларына узун сабак пикир калтырат. Буга да калтырат болсоң керек анда эмесе сага айтаарым. Үч балалуу эркекти эр кылып бактылуу болом деп жатсан анда жаңылышасың. Менин эриме чейин төрт эркектин үй-бүлөсүн бузуптурсуң. Мен алардын аялындай эмесмин. Эриме өзүм тийгем, эми мындан аркы жашоомду да эрим менен өзүм түзөм. Бирөөнун эрин аңдып аны ээрчип түндөп жүргөнчө чиедей эки кызга тарбия бер. Кыздарынды камап коюп башка эркек менен түнөп келген сенде деле энелик сезим жок экен. Сага айтаар кеңешим беш муноттүк кумар үчун эмес эки кызын үчун жашоо башта. Кийин кеч болуп калат. Дагы бир жолу эрим менен жургөнүңду көрсөм сени жөн койбойм.

Белгисиз автор

Предыдущая статьяОоруган апама кайненем барба деп жатат, ажырашып кетсемби?
Следующая статьяКүйөөсүнүн кордугуна чыдабай беш балалуу келин каза болду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here