Жашоомдогу башаламандыктан улам, башым маң болуп турам. Айлам куруп жатат. Жолдошум иштебейт, кайнатам менен кайненемдин мойнунда отурат.  Кайненем өзүңөрдү бага албасаңар ажырашкыла дегендей кылып койгон. Ал эми апам оруп жүрөт, анысы аз келгенсип улуу эжекем да апамдын мойнунда, ал да оорукчан болуп калды.  Менин иштегеним эч нерсеге жетпейт. Кээде подработка кыла калып апамдын дарыларын алып берем. Эки тарапка чуркай берип өзүм да чарчадым. Өткөндө эжекем приступ берип чакырганынан барайын десем күйөөм кайрылып үй         гө келбе деп айтты. Кантип эжекем оор абалда жатка барбай кое алам. Апам менен эжекемдин менден башка каралашаар адамы жок.  Кайын журтум аны түшүнбөй мен апамдыкына ташынып жаткандай көрүшөт. Негизги айлыгымды кайненеме берем. Ал эмне кылат билбейм. Эми кайненем апама барышыма каршы болуп жатат. Эжекемди болсо жездем катуу уруп койгондон кийин талма пайда болуп калган. Кайын журту оорулуу болуп калды балабызга башка алып беребиз деп апама жеткирип берип коюшкан. Төрт баласы күйөөсүндө калган. Азыр ажырашып кетип апам менен эжемди карап алар менен чогуу жашасамбы деп жатам. Үч баламды буга чейин деле өзүм камсыздап келгем.

Жыпаркүл

Предыдущая статьяЭки балалуу болгондо күйөөмө башканы алып бермекпиз деп кодулап жатышат
Следующая статьяҮй-булөсү бар эркектерди бузганыңды ачыктай электе эсиңе кел

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here