Саламатсызбы эжелер, моралдык жардамга муктаж болуп турам. Эки кичинекей бала менен бирөөнун батиринде турам. Азырынча батирдин ээси болгон эже жардам катары бир айдыкын албай киргизди. Мага бала менен иштегенге иш таап бере аласыздарбы? Тиккенди билем бирок тиге турганга машинам жок. Болсо үйгө алып тигип иштегенге дараметим жетет.  Каражат албайм болгону эки бала менен учурдагы абалдан чыгууга акыл-кеңешиңиздер болсо же арендага тигүү машина менен надомница кылууга ниети бар тигүү цех иштеткен эжелердин жардамына муктажмын. Ушундай жумуштар болсо балдарымдын  тамак ашы да кенен болот белем дейм. Күйөөм Россияга иштегени кеткен бойдон дайын жок. Бир да жолу чалып кабар алып койгонго жарабады. Кайната кайненем да биз менен жашачу.  Бир күнү мени зордуктап коё жаздады, улуу балам чуркап келип бакырып ыйлап арачыга тушуп аран кутулдум. Улуу балам алтыга чыгып калган. Экинчиси болсо үч жарымда.  Аны кайненеме айтсам, кайра кайнатамды мага тукуруп, “курттап аран калыптыр бош койбой келинди да жасап тур”деп мага кайра тукурду. Ушул сөздөн кийин балдарымдын кийимин чогултуп алып чыгып кеткем. Ата-энем алыста турушат. Аларга барганда өздөрү акем менен чогуу жашайт мен жүк болуп каламбы деп бара алган жокмун.

Жыргал

Предыдущая статьяКурбу кызымды күйөөм менен балкондон жылаңач кармап алдым
Следующая статьяЖашым 16да. Өзбек жигиттен боюмда бар, эми эмне кылам?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here