Социалдык тармактарда денеси күйгөн жаш балдардын сүрөттөрү жайылды. Балдар кыргыз-тажик окуясында жабыр тартканы айтылат.

Ушул эле маалыматты «Ворух Баткен» деген аталыштагы Телеграм-канал да чыгарган. Анда чек арадагы жаңжалда Лейлек районунун Максат айылында бир жарым жашка чыга элек бөбөктүн денеси бүт күйүп кеткени айтылат. Ошондой эле анын ата-энеси да оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүүнү каалагандарга атайын эсептин номерлери да көрсөтүлгөн.

Биздин редакцияга бул маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен окурмандарыбыз кайрылды.

Маалыматка ишендирүү үчүн чек ара жаңжалынын курмандыгы болгон 12 жаштагы Мадинанын сүрөтү да тиркелген.

Бирок, башка сүрөттөр тууралуу расмий булактарда сөз болгон эмес эле.

Аларды ачык булактардан текшерген учурда Азербайжандагы Гянджа шаарындагы Анжела аттуу кыз отко күйгөнү маалымдалат.

Анжела 2019-жылы Түркияда дарыланган.

Социалдык тармактарда тараган башка сүрөттөр да бул кызга таандык.

Жыйынтык: отко күйгөн жаш балдар тууралуу маалыматтарда колдонулган сүрөттөр жалган. Наристенин сүрөтүн жарыялап, акча табууга аракет кылышкан.

Булак: factcheck.kg

Предыдущая статьяУлукбек Марипов: «Головной» тажиктерге эч качан берилбейт
Следующая статьяТажикстанда жашаган кыргыздарды бийлик кыргызга каршы тукуруудабы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here