Баткенде жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда

Саат 09: 30га карата чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу, деп билдирди 4-майда КР УКМКнын Чек ара кызматы.

Ошондой эле, Баткен районунун Актатыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз аймагында Коргоо министрлигинин саперлор тобу 3-майдан бери буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу боюнча иш алып барышууда.

«Ушуга байланыштуу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган Кыргызстандын жарандарынан жарылуунун үнүнөн чочулабоону суранабыз», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Ошондой эле, басма сөз кызматы чек арачылар кыргыз-тажик чек арасынын бардык тилкесинде күзөттө тургандыгын белгиледи.

Add your comment

Your email address will not be published.